Өлкө аймагында жылынуучу пункттар уюштурулду.
Абанын температурасы кескин төмөндөгөндүктөн, жарандарды чыгымга учуратпай, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жайыттарда малды кармоодогу кыйынчылыктарды жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тиешелүү мекемелерге акчам чара көрүүнү тапшырган.
Жолдордо каттамдар жабылган учурда айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жардам берүү максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы Арал, Сосновка постторунда, Талас районундагы Осмонкул айылында, Бишкек-Токмок каттамыннын Кант шаарындагы тилкесинде чатырлар тигилип, жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.
Мындай жайлар жол жээгинен сырткары калк жыш жайгашкан аймактарда да ачылды. Ош шаарында 1, Бишкекте 10 пункт иштеп жатат.