Кыргызстандан жыгачты жана андан жасалган материалдарды Евразия экономикалык биримдигинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоорунда жазылган.
Аталган материалдарды 15-февралдан баштап сыртка чыгарууга тыюу салынып, алты айга чейин уланат. Ага ылайык, 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу материалдарды экспорттоого болбойт.
Маалыматта өкмөт мындай аракет менен өлкөнүн ички рыногундагы жыгачтын жана жыгач материалдарынын тартыштыгынын алдын алары айтылат.