Жаңылыктар
Памирдеги кыргыздардын жапырт оорусу тууралуу маалымат текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Памирдеги кыргыздардын жапырт оорусу тууралуу маалымат текшерилүүдө

Афганистандын Памир өрөөнүндө вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматты өлкөнүн Кабулдагы элчилиги текшерип жатат. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты. 

"Телефон байланышы жок болгондуктан, Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын билүү максатында аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок", - деп айтылат билдирүүдө. 

Тышкы иштер министрлиги жана элчилик бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, афган кыргыздарынын өкүлү менен байланышта экендиги айтылды.