Жаңылыктар
Чолпонбек Абыкеев: "Камбар-Ата-1" ГЭСин биргелешип куруу - эң туура чечим
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпонбек Абыкеев: "Камбар-Ата-1" ГЭСин биргелешип куруу - эң туура чечим

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту. ГЭСти үч мамлекет биргелешип куруу чечими эң туура болгонунун президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Кабар" маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирген. 

Анын айтуусунда, дүйнө жүзү ааламдашып жаткан маалда боордош коңшулар менен жармакташа иш кылып, биргелешип чоң долбоорлорду бүткөрүү туура. Анткени суу, курула турган ГЭС, курулмалар, баардык техникалар биздин аймакта болот. Бул ири долбоорду чогуу ишке ашырып, пайдасын чогуу көрүү мезгил талабы. Чыныгы инвесторлорду кармап калышыбыз керек. Болбосо, мынакей ошол эле Ат-Башыдагы логистикалык борбор куруп берем деген инвесторду ортодогу эле журт бузарлар кыйкырып чыгып, элди дүрбөтүп атып, айнытып салышканын билесиздер. 

Эки жыл мурун президент Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп, ошол долбоор боюнча жакшынакай түшүндүргөндө туура кабыл алышпады беле. Бирок “Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап” дегендей, баары кеч болуп калыптыр. Логистикалык борбор куруп берем деген инвестор таптакыр айнып, бизге келүүдөн баш тарткан экен. Эми ушинтип ортодогу өз кызыкчылыгын ойлогон бузукулардын тилине кирип, келген инвестордун баарын качырып жүрө беребизби. 

“Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот” дегендей, куруп берем деп келгендерди качырып олтуруп, мына минтип ымдаганга зар болуп жатабыз. Инвесторлор куруп берет, курулган объект бизде өмүр бою калат, инвестор аны көтөрүп кетпейт да. Кудай буюрса, Нарын дайра ага берет, аны туура пайдаланып, экономикалык пайда көргөнүбүз оң болгону турат" - деген Абыкеев.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 6 миллиард доллар керек.