Борбор калаанын чеке-белинде бензинди желим идишке куюп саткандар барган сайын көбөйүүдө. Май куюучу жайларда 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 62 сом турса, аткезчилик жол менен ташылып келгени 52-54 сомдон сатылат. Албетте чөнтөгү жука кардарлар арзанына качырышат. Бирок, бул мыйзамсыз аракет. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы сооданын бул түрү менен алектенгендерди текшерүүгө алды.