Жаңылыктар
Акылбек Жапаров поликлиникаларды жана педиатрияны калыбына келтирүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров поликлиникаларды жана педиатрияны калыбына келтирүүнү тапшырды

Бейтапканаларды жана педиатрияны калыбына келтирүү тапшырмасын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде берди. 

Тапшырмага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жардам жана кызмат көрсөтүүнүн так стандарттарын иштеп чыгып, сунушташы керек. 

«Эгер бейтап ооруканага келсе, ага өз учурунда квалификациялуу жардам көрсөтүлүшү керек. Бизде медициналык кызматкерлердин ишинин так, түшүнүктүү жана натыйжалуу стандарттары болушу зарыл. Бардык ооруканаларда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, тийиштүү инфраструктура менен жабдылган жаңы кабыл алуу пункттары курулууга тийиш. Быйыл саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесинде бурулуш жасоо зарыл. Бул тармакта тартипти орнотобуз», — деди Акылбек Жапаров. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна калктын социалдык жактан аяр категорияларын кошпогондо, камсыздандырылбагандарды толук камтуу тапшырылды.