Бишкек шаарында бардык коомдук транспорт штаттык тартипте иштеп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын" 64 автобусу, “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 382 кичи автобусу, 1 миң 298 жеке менчик кичи автобустар жана 120 “Эко пассажирлер транспорту” ишканасынын автобустары, "Аламүдүн автотранс" коммуналдык ишканасынын 3 автобусу, "Бишкек Авто Рент" ЖЧКсынын 3 автобусу тейлөөдө.