Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы №48 мектепке чейинки атайын билим берүү мекемесине барды.
Мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышкан Төрага, бала бакчадагы жылуулук, тазалыктын сакталышына ыраазычылык билдирди.
Жакында Сокулук районунда жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна барып келгенин эске салган Нурланбек Шакиев алардын муктаждыгын канаттандырып, кичи автобус тапшырганын кошумчалады.
№48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинде начар уккан, интеллектуалдык өнүгүүсү төмөн, сүйлөө кеби начар өнүккөн 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар тарбияланат. Жалпы 222 бала бар.