Белгилүү журналист, окумуштуу жана дипломат Кубан Ильясович Мамбеталиев 70 жашка чыкты.
Филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү.
К.Мамбеталиев "Орус-кыргыз адабиятынын байланыштары", "Кыргыз адабиятындагы сатира жана юмор" монографияларынын, "Кыргыз сатирасынын тарыхы", "Журналистика. Басма сөз" ж.б. окуу китептеринин, "Исповедь публициста", "Итоги демократии", "Свобода от страха" малакалалар топтомунун автору.
Ал саясий темада жазылган курч макалалары менен таанымал. Ачык жазылган пикирлери, бийликке болгон сын-көз караштарынан улам бир учурда куугунтукталып да жүргөн. Саясий багытта жазылган публицистикалары да калктын калың катмарына жетип, окумдуу чыгармаларга айланган. Мисалы "Апас Жумагуловдун доору" жана "Кыргызстан: Культ личности" аталышындагы китептери эки жолу басылып чыккан.
Илим жолунда ийгиликтерге жетип, илимдин доктор, кандидаттарын даярдап чыкты. Бүгүнкү күнү К.Мамбеталиев Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Тил жана адабият Институтунун диссертациялык кеңешинин мүчөсү.
Кубан Ильясовичти 70 жылдык мааракеси менен УТРК жамаатынын атынан куттуктап, бекем ден соолук, ооматтуу узак өмүр тилейбиз.