Жаңылыктар
Бир суткада сасык тумоонун 507 учуру катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада сасык тумоонун 507 учуру катталды

Өлкөдө бир суткада курч респиратордук вирустук инфекция менен сасык тумоонун 507 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган ооруга жалпы 157 миң 943 адам чалдыккан. 

Белгилей кетсек, сасык тумоо менен ооругандардын эпидемиологиялык өсүү мезгили жыл сайын октябрь-март айларына туура келет. Калк арасында күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.