Жаңылыктар
Саркынды суу тутумун курууга байланыштуу Асаналиев көчөсү жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Саркынды суу тутумун курууга байланыштуу Асаналиев көчөсү жабылды

Бишкек шаарынын Асаналиев көчөсүнүн Красная жана Лев Толстой көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө саркынды суу тутумун куруу иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, агынды суу түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу аталган көчөдө унаа кыймылы убактылуу токтотулду. 

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну суранат. 

Эскерте кетсек, канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Жалпы узундугу 11 чакырым. Жаңы тутум Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарына саркынды сууларды чыгаруу системасына кошулууга мүмкүнчүлүк берет. 

Курулуш «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.