Жаңылыктар
Сууктан улам мектептерди онлайн окууга өткөрүү сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Сууктан улам мектептерди онлайн окууга өткөрүү сунушталды

Саламаттык сактоо министрлиги сууктан улам балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады. 

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, синоптиктер Кыргызстанда 11-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөй тургандыгын эскертишкен.

Эске салсак, сасык тумоонун күч алышынан улам балдар 2022-жылдын 14-28-декабрына чейин аралыктан окууга өтүшкөн. Ал эми 30-декабрдан 10-январга чейин кышкы каникулга тарашкан.