Армениянын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына байланыштуу куттукташты.
Армениянын президенти кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип издөө, белгиленген пландарды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эки жана көп тараптуу форматта кызматташуунун дараметин олуттуу түрдө бекемдерине ишенерин билдирген.
Никол Пашинян акыркы отуз жылда бардык багыттарда жемиштүү өз ара пайдалуу кызматташууда олуттуу тажрыйба топтолгонун белгиледи.
Эл аралык бирикмелердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү түзүлүп, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму өттү. Ал элдер ортосундагы достук жана өз ара урматтоо мамилелери, мамлекеттер аралык диалог жана натыйжалуу кызматташуу ырааттуу уланарына ишенимин билдирген.