Жаңылыктар
Сокулукта жаңы мал базар курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта жаңы мал базар курулат

Жакынкы күндөрү Сокулуктагы мал базар тартипке келтирилип, иштөө үчүн зарыл шарттар түзүлүшү керек. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышканда айтты. 

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүгүндө андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», - деди ал. 

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы 8 гектар аянтка куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты. Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек, деген төрага Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун иликтеп чыгуунун зарылдыгын эскертти. Бул мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн иштиктүү жана натыйжалуу механизми. 

Министрлер Кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базардын үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн колдоо көрсөтөт.