Жаңылыктар
"Эркечтамдан" жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө уруксат берилди
Кыргызстан жаңылыктары
"Эркечтамдан" жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө уруксат берилди

Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары боюнча маалымат таратты. 

Анда айтылгандай, 9-январдан баштап чек арадан өтүүдө Кытай тарап бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ага ылайык, "Эркечтам" бекетинен жарандар өтө баштады. Кытайдын аймагына кирүү үчүн жалпы жарандык паспорт менен виза алынышы керек. Ал эми "Торугарт" өткөрмө бекети өзгөчө алгоритмдин негизинде иштеп, Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган унаалар гана өткөрүлүүдө.