Жаңылыктар
Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү ыктымал
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү ыктымал

9-11-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк, Чапчыма ашуусу жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү коркунучу болуп, жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.