Жаңылыктар
Кара-Буурада мектеп пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буурада мектеп пайдаланууга берилди

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кайнар айылында Керимбай атындагы орто мектеп ишке берилди. 

Салтанаттуу иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты. 

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, бардык шарттары түзүлгөн. Ошондой эле билим берүү мекемеси керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, Кайнар орто мектебинин курулушу 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден улам бүтпөй келген.