Кытайдын эң сүйүктүү майрамдарынын бири Жаңы Жыл же жаз майрамы «Чуньцзе». Ал эки жума бою белгиленип, расмий эс алуу күнү катары өтөт. Майрамды утурлай Кыргызстандагы Кытай элчилиги борбордогу жана облустардагы кытай жарандарынын өкүлдөрүнө иш-чара уюштурду.
Григорян календары боюнча айдын толушуна карап 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта кытай эли жаңы жылдык улуу майрамын белгилешет. Эки жума бою көчөлөрдө ыр, бий, шаң күлкү жаңырып, элдик сейилдөөлөр, түрдүү мадания программалары менен коштолот. Аягында ай толгон күнү асманга жагылган шам учуруу менен жыйынтыкталат. Жыл сүрүүдөгү 12 жаныбардын бирин аздектеп тосуп алып, ийгиликтерге жетүүнү пландашат.
Кытайлыктар кызыл түскө жакын болушат. Мындан улам жасалгасы да улуттук каада-салтка ылайыктап шөкөттөлгөн. Бул жакта жашаган кытайлар үрп-адаттарын дайыма карманышат. Бир канча жылдан бери жашаган кытайлар кыргызстанда жашоого жагымдуу шарттар бар экенин айтат. Алардын бири Цзянь Чаосинь 24 жылдан бери Бишкекте жашап турдүү кайрымдуулук иштери менен алектенип келет.
Өлкө эгемендик алганда биринчилерден болуп тышкы байланышты баштаган Кытай өлкөсү 30 жылдан бери түрдүү багытта кызматташып соода алакаларын жүргүзүүдө ири өнөктөш өлкө катары кызматташып келе жатат. Учурда билим берүү, медицина, экономика, бизнес, айыл-чарба багыттары боюнча биргелешкен долбоорлор бар. Өлкөгө инвестиция тартууда да Кытай ишкерлери дайыма кызыгуу менен карап сынактарга активдүү катышып келет.
«Чуньцзе» майрамын белгилөөгө чогулган кытайлыктар өздөрүнүн улуттук ыр-бийлеринен ырахат алып, тамак-ашынан даам сызып эс алышты. Майрамдык иш-чарага бир катар кыргыз бийлигинин өкүлдөрү бирге иштеген өнөктөштөрү барып аларды жаз майрамы менен куттуктады. Расмий бөлүктөн кийин маданий шаң менен коштолду.