Жаңылыктар
Мектеп автобустарынын иши кайрадан жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп автобустарынын иши кайрадан жанданат

Бишкектеги мектеп автобустары 11-январдан тарта кайрадан каттамга чыгат. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан жеке компания билдирди. 

Буга чейин шаардагы мектептер карантинге жабылгандыктан, мектеп автобустары 16-декабрдан тарта ишин токтоткон. Эми шаршембиден баштап мектеп шаттлдары тесттик режимде кайра иштей баштайт. Аталган пилоттук долбоордун жыйынтыгы 31-январда чыгарылат. Анда жеке компания мэриянын транспорт департаменти менен биргеликте анын алдыдагы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алат. 

Эске салсак, мектеп автобустарынын долбоору 24-ноябрдан тарта иштей баштаган. Биринчи этапта алар 70, 29, 69 жана 13 мектеп гимназияларын тейлешет. 

Автобустар үчүн Транспорт департаменти менен биргеликте эки каттам иштелип чыккан: 1-автобус өз жолун «Ак — Ордо» конушунан, экинчиси — «Тунгуч» кичи районунан баштайт. Алгачкы төрт күндө жол кире таанышуу максатында акысыз болуп, андан кийин бир тарапка 20 сом өлчөмүндө белгиленген. 

Төлөмдөр накталай кабыл алынбайт, карта менен ишке ашырылат.