Өлкөнүн аймагында 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөйт. Кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоону эскертет. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл.