Жаңылыктар
Барсбек каган тууралуу тарыхый тасма тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Барсбек каган тууралуу тарыхый тасма тартылат

Өлкөдө жетинчи кылымдын аягы сезинчи кылымдын башында кыргыз кагандыгынын башкаруучусу Барсбек каган тууралуу толук метраждуу тарыхый тасма тартылат. 

Ал “Каганат” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, учурда тарыхый тасманы тартууга даярдыктар башталды. 

Фильмди даярдоочу топ көркөм тасманы сапаттуу жана маңыздуу тартуу максатында өлкөдөгү белгилүү акын, жазуучуларды, тарыхчыларды, окумуштуу-илимпоздорду, манасчыларды жана кино жаатындагы ишмерлерди чогултуп, алардын кеп-кеңешин, ой-пикир, сунушун угуу үчүн алгачкы жыйынын өткөрдү. 

Анда Барсбек каган кыргыз тарыхында өзгөчо орду бар инсан катары, анын образы кийинки урпактарга тарыхый-маданий мурас болуп кала турган көркөм тасма болушу үчүн сценарий мыкты жазылып, дыкат каралышы керек экендиги айтылды. 

Тасманын сценарийин Бакытбек Турдубаев жазып, режиссерлору Сүйүн Откеев менен Айбек Дайырбеков. 

Фильм тарыхый драма жанрында тартылат. Учурда аны тартууга заманбап кинотехникалары сатылып алынууда.