Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жарандарды «Мега» уюлдук байланыш операторуна өтүүгө үндөдү.
“Биздин үйдөгүлөр мамлекеттин “Мега” уюлдук байланыш кызматын колдонобуз. Башкаларды дагы мамлекеттикине өтүүгө чакырам. Ага түшкөн пайда, кирешелери мамлекетке калат. Мамлекетке көп каражат түшсө - айлык, пособия, пенсия көлөмү өсөт. Мектептер дагы көп курулат, жолдор салынат. Мекенди сүйүү жөнөкөй эле, “Меганын” кызматын пайдалан”.