Жаңылыктар
Жол эрежесин сактаңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин сактаңыз!

Жаңы жыл майрамына карата өлкө аймагында "Бахус" аталышындагы рейд жүргүзүлүп, 20-декабрдан 1-январга чейин 647 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталганын. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, тиешелүү документтери жок унаа айдаган 474, унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 74, бейбаштык кылган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызматын улантып, 8-январга чейин "Рулда" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөт.