Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүздү. Маалыматка ылайык, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйү жана Сокулук районунун Маловодный айылында жайгашкан майыптыгы бар адамдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору текшерилди. Анын жүрүшүндө азык-түлүк кампалары, ал жактагылардын жашоо шарты, социалдык мекемелердеги жылуулук текшерилди. Рейдде бузуулар аныкталган жок, мекемелер штаттык режимде иштеп жатат.