Жаңылыктар
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Чек талап кылып, байге утуп ал!"  лотереясынын  жеңүүчүлөрү аныкталды

 "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын кезектеги оюну өтүп, Жаңы жылды утурлай жеңүүчүлөр аныкталган. 

Бул лотереянын башкы байгеси болгон бир бөлмөлүү батирди алыскы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну Чынара Каныбек кызы жеңип алып, анын ийгилигине көптөр суктанып турган учур.