Кыргыз телерадиоберүүсүнүн ардагерлери 94 жаштагы Шаймерден Керимбаев жана 95 жаштагы Ильяз Усубакунов УТРКнын 90 жылдык мааракелик медалы менен сыйланышты.
Жаңы жылда ардагерлердин үйлөрүнө Улуттук каналдын башкы директору Кайрат Иманалиев барып, белектерин тапшырды.