Жаңылыктар
ИИМ: жаңы жыл түнү тынч өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: жаңы жыл түнү тынч өттү

 Жаңы жыл түнү республиканын аймагында тынч болду, деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы. 

Ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук көлөмдө камсыздалып, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Республика боюнча абал тынч жана туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. ИИМ жарандарды жоопкерчиликке жана мыйзамдуулукту сактоого чакырат.