Өткөн бир сутка ичинде республиканын аймагында ар кандай 19 кырсык катталды. Анын ичинен 17 өрт, 2 жол кырсыгы болгон. Токмок шаарында жана Ош облусунун Ноокат районунда унаа кырсыктары катталды. Жыл тогошкон түндө 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады.
Кырсыктын кесепетин жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпы 22 техника тартылып, куткаруучулар иш алып барды. Сейсмологиялык абал боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда 3,5 балл жер титирөө катталды. Ал эми борбор калаа Бишкекте 3 өрт кырсыгы болуп, анын экөө таштанды таштоочу челекте, бирөө Ак-Бата конушундагы жеке турак жайда болгон . Өрт өчүрүү кызматы убагында барып тилсиз жоону четтеткен. Адистер электр приборлорду колдонууда этият болууга чакырат. Аба ырайын билдирүүчү борбордун маалыматына ылайык, жылдын биринчи күнү кардын жаашы күтүлбөйт. Жолдор ачык болот.