Жаңылыктар
Кыргызстанда соңку бир суткада 298 ымыркай төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстанда соңку бир суткада 298 ымыркай төрөлдү

Кыргызстанда соңку бир суткада 298 ымыркай төрөлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жарык дүйнөгө келген наристелердин 165и эркек, 133ү кыз. 

Эгиз балдар Ош облусунда төрөлдү. Бишкек шаарында 22 уул, 24 кыз жарык дүйнөгө келди. 1-январга караган түнү, биринчилерден болуп Ош шаарындагы перинаталдык борборунда уул бала жарыкка келди.