Жаңылыктар
«Ала-Тоо» аянтындагы Жаңы жылдык майрамдан кийин 5 тонна таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
«Ала-Тоо» аянтындагы Жаңы жылдык майрамдан кийин 5 тонна таштанды чыгарылды

"Тазалык" муниципалдык ишканасы жаңы жыл түнү саат бирден таңкы бешке чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан беш тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Жалпысынан таштанды тазалоого 60 адам жана жети техника чыккан.

Ал эми жаңы жыл түнү борбордук көчөлөрдү тазалоо иштерине 500дөн ашык "тазалыкчы" жана 42 техника тартылганын билдиришти.