Жаңылыктар
Өзгөчө балдардын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттар түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө балдардын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттар түзүлөт

Майыптуулугу бар балдар сапаттуу билимге, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыздоого, эс алууга, спортко муктаж. Ошондуктан өзгөчө балдардын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Өлкө башчысы “Келечек” реабилитациялык борборунун расмий ачылышында айткан. Борбор 12 жылдан бери кароосуз турган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык имараттын ордуна курулду.