"Кыргызстан улуттук электр тармагы" жаңы жылдык майрам күндөрү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жооптуу адистеринин кезмети уюштурулат.
"Өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарыл бөлүктөрү менен камсыздалып, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" электр энергиясына байланыштуу маселе жаралган учурда күнү-түнү иштеген байланыш борборунун "1209" кыска номерине чалууну эскертет.