Кыргызстандагы элдин турмушун артка тарткан социалдык жана экономикалык чоң мүчүлүштүктүн бири - ашыкча, ыксыз чыгымдар. Өтүп бараткан жылды жыйынтыктоочу жыйында Президент Садыр Жапаров бул жагдайга токтолуп, элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, аткаминерлер өздөрү калкка үлгү болушу керектигин эскертти.