Мекенди коргоп жатып көз жумган дагы бир жоокердин сөөгү “Ата-Бейитте” жерге берилди. Сентябрь айында чек арадагы жаңжалда көз жумган аскерлердин бири Дастан Анарбеков экенин экспертиза толук аныктады. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.