Кыргызстандын жаштар арасындагы футбол курама командасы алгачкы ирет Азия кубогунун финалдык оюндарына катышат.
Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси маалымдады.
Аталган финалдык оюндар 2023-жылы 3, 6, 9-март күндөрү Ташкент шаарында болот. Анда жалпысынан 4 команда – Сауд Аравиясы, Жапония, Кытай жана Кыргызстан курамалары оюн көрсөтөт.
Кошумчалай кетсек, берилген маалыматта кыргыз күйөрмандары үчүн Ташкентке атайын тур уюштурулары да айтылган.