Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыл жыйынтыктоочу жыйыны өттү.
Анда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, келерки жылга иш планы каралды.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.
Сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров, быйыл өлкөдө маанилүү окуялар орун алганын айтып, мамлекет натыйжалуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
Экономикада өсүштү тездетүү эң биринчи милдет деген мамлекет башчысы, ашкере бюрократияны жоюу, санариптик технологияны бардык тармакка киргизүү зарыл деди. Кабыл алынган чечимдер калктын жашоосун жакшыртууга, дүйнөлүк инвесторлорду Кыргызстанга тартууга негиз болушу шарт. Өнүккөн экономика эгемендүүлүктүн жана мамлекеттүүлүктүн кепилдиги - деген Садыр Жапаров айрым жетекчилерди сынга алды.