Жаңылыктар
Жаңы жылдык балатыга 1100 бөбөк чакырылган
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылдык балатыга 1100 бөбөк чакырылган

Жаңы жылдык балатыга республиканын бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. 

Арасында олимпиада, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр бар.

Ошондой эле, Баткен окуяларында өз милдетин аткарып жатып каза тапкан аскер кызматкерлеринин балдары чакырылган.

Салтка айланган жаңы жылдык иш-чара театрлаштырылган майрамдык концерт менен коштолуп, бөбөктөргө атайын белектер ыйгарылды.