Жаңылыктар
Айдоочулар үчүн "Төлөм" системасы иштеп баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулар үчүн "Төлөм" системасы иштеп баштады

Кыргызстандын айдоочулары "Төлөм" автоматташтырылган жаңы маалымат системасында айып пулдун бар-жоктугун текшере алат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Ведомство бул системаны Башкы прокуратура менен ишке киргизүүдө.

Катталган бардык укук бузуулар жана жол кыймылынын эрежелерин бузган адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу бирдиктүү реестринин милдеттери болуп саналат. Реестрдин дареги — www.tolom.kg. Айып пул бар же жок экенин билүү үчүн унаанын номерин жана ПИН-кодду киргизүү керек. Жол инспекторлорунда онлайн текшерүүнү тездетүүгө жана укук бузуулар боюнча иштерди өндүрүшкө киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү планшеттер бар. 

Төлөм кодун киргизүү менен айыпты дароо төлөсө болот. Маалымат системада заматта көрсөтүлөт.