Жаңылыктар
ИИМ: төрт облустун жетекчилери алмашты
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: төрт облустун жетекчилери алмашты

Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. Аларды Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде жамаатка тааныштырды.

“Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган мыйзамсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылып, жогорку жетишкендиктерге жетүү керектигин белгилеймин", - деди министр. 

Министр жакынкы арада бир катар шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралып, чечимдер кабыл алына тургандыгын белгиледи.