2023-2024-окуу жылына карата Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, Россия өкмөтү тарабынан белгиленген квотага ылайык, окутуу федералдык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
Документтер 2022-жылдын 23-декабрынан 2023-жылдын 20-февралына чейин расмий сайтында гана кабыл алынаары айтылды.