Кыргызстан күрөш федерациясы 2022-жылдын жыйынтыгы менен мыкты уюм деп аталды.
Маалыматка ылайык, бул чечим UWW Asia уюмунун аткаруучу комитетинин онлайн чогулушунда айтылган.
«Кыргызстандын күрөш федерациясы өлкөдөгү спорттук күрөштү өнүктүрүп, континенталдык чемпионаттарды мыкты өткөргөндүгү үчүн, ошондой эле UWW конгресстери жана эл аралык иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн бир добуштан жылдын мыкты федерациясы деп табылды»,-дейт маалыматта.