Өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал белгилегендей, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.
“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Ал эми, өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн карама майыгын кору жетиштүү.
Мындан тышкары, кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбайт. Быйыл "Кошой" жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлдү.