Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук бөлүштүрүүсүнө катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы Президент – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысынын атынан катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана иштериндеги ийгиликти каалады.
Акылбек Жапаров, ведомство алдында жол коопсуздугун күчтөндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка, жаш өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын кайрылуусу боюнча иштерди күчөтүү милдети турганын кошумчалады.