Жаңылыктар
Сузакта кылмыштуу топту калкалаган милиция кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта кылмыштуу топту калкалаган милиция кызматкерлери кармалды

Каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырган Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Кармалгандар Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери болгон. 9-декабрда кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен бир жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. 

Милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Кызматкерлер кылмышкерлердин айрымдарын кармап, ок атуучу куралдарын тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бир тапанча Сузак райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган. 

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында каракчылык фактысын жасаган топтун 5 мүчөсү кармалды. Учурда бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.