Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-декабрдан 28ине чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт.
"Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата министрликтин сайтына 37 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алуу багыттары жана пландары жөнүндө маалыматтарын жарыяланды.