28-декабрда Бишкек шаарында карызы бар 6 миң 200дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Андыктан уюм жарандарды карыздан кутулууга чакырат. Керектөөчүлөр компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн өзүнүн жеке кабинетин таап, андан эсепти текшере алышат.
Мындан тышкары, эсепти күнү-түнү иштеген байланыш борборго чалып же WhatsApp номери аркылуу байланышып билсе болот.