Жаңылыктар
Мектептерге компьютердик жабдуулар жеткирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге компьютердик жабдуулар жеткирилүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1 200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады. 

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда. 

Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды. 

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.