Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-январдан тарта ун менен нан кымбаттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-январдан тарта ун менен нан кымбаттайт

2023-жылдын 1-январынан баштап ун 15 пайызга, нан 20 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Руслан Жунушов билдирди. 

Жунушов баанын кымбатташы 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктай турганы менен түшүндүрдү. 

“2021-жылдын сентябрь айынан баштап министрлер кабинети тарабынан буудайды сырттан ташуу боюнча жеңилдиктер берилген. Башкача айтканда, кошумча нарк салыгы нөлгө барабар болгон. Ошондой эле жергиликтүү буудайды дагы кайра иштетип, сатканда 12 пайыз алынган. Анын жыйынтыгы менен баалар көтөрүлгөн эмес”, - дейт ал. 

Жунушов белгилегендей, бүгүнкү күндө темир жолдо маселе жаралып, чийки зат жетишсиз болууда. 

“Учурда ал режим алынгандан кийин министрлер кабинети мындай укуктан ажырап калды. Бирок бул норманы жаңы Салык кодексине киргизди. 31-декабрга чейин жаңы кодексти Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алса, азык-түлүктүн баасы туруктуу болот”, - дейт Жунушов.