Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 90го жакын айдоочу кармалды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 16-декабрдан 22-декабрга чейин Бишкек шаарында 3 миң 608 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Алардын ичинен 58и тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын айдаса, 86сы мас абалында унаа башкарган.
Мындан сырткары, унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар, унаада коопсуздук эрежелерин бузгандар кармалды. Айып короосуна 743 унаа токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.