УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон 34 жаштагы Алмаз Чигентаев кармалды.
Ал коомчулуктун алдында мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.
Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылуу сунушталат.